Жетим козуларды эмизген пони. Англиядагы окуянын видеосу

Жазылуу
Англиянын Сомерсет графтыгындагы жайытта жетим калган үч козуга пони мээримин төгүп, кайтарып, ал тургай эмизип баштаган.

Маалымат National Geographic Россия сайтына чыкты.

Бул туурасында алардын кожоюну Бэки Попэм да айтып берип, социалдык тармактагы баракчасына жазган. 

Үч козу бир ай болгондон кийин энесинен ажыраган. Кожоюну аларды жакын жайгашкан Хайди деп аталган понинин короосуна киргизген. Жылкы аларды жерибей, тескерисинче, мээримине алып, карап, кайтарып, кам көрө баштаган. Ал эми кийин анын сүт чыкпаган эмчегин козулардын ээмп жатканын байкап, ээси таң калгандыгын жашыра алган эмес. Субай бээнин желинине козулар эмгенден кийин сүт чуркаган.

Бэки Попэм бул окуядан кийин ветеринарга кайрылганда, адис мында таң кала турган эч нерсе жоктугун, болгону анда энелик инстинкт ойгонгондугун түшүндүргөн.

"Себеби Хайда буга чейин бешти тууган. Жаныбар болсо деле энелик сезим ойгонсо башканы карап, бага берет экен", — деген жылкынын ээси.

Учурда козулардын пони энеси менен кошо жатып, кошо туруп, аркасынан калбай ээрчип аларын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0