АКШнын аскердик учагы Россияга жасалма дем алдыруучу 50 аппарат жеткирди. Видео

Жазылуу
АКШнын аскердик аба күчтөрүнүн учагы Москвага жасалма дем алдыруучу 50 аппарат жеткирди. Кошмо Штаттар кайтарымсыз жардам иретинде Россияга коронавирус менен күрөшүүгө жалпысынан  мециналык 200 жабдуу берди.

Россия АКШга COVID-19 менен күрөшүү үчүн гумжардам жөнөттү. Видео - Sputnik Кыргызстан
Россия АКШга COVID-19 менен күрөшүү үчүн гумжардам жөнөттү. Видео
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарованын айтымында, медициналык жабдуулар Москва шаарындагы Николай Пирогов атындагы улуттук медициналык-хирургиялык борборуна өткөрүлүп берилет. Андан соң ал аппараттар суроо-талапка жана эпидемиологиялык абалга жараша россиялык медициналык мекемелерге бөлүштүрүлөт.

Буга чейин РФ коронавируска каршы күрөшүүгө жардам берүү максатында АКШга да  медициналык жабдууларды, коргонуу каражаттарын жиберген.

Эске сала кетсек, учурда АКШ менен Россия дүйнө жүзү боюнча COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны боюнча алдыңкы сапка чыкты. Америкада 1,6 миллионго жетсе, Россияда 317 миңге чамалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0