Шаардын ар тарабынан көрүнгөн кара түтүн. Кампадан чыккан өрттүн видеосу

Жазылуу
Масалиев жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан күйүүчү май сактоочу кампа күйдү. Жеринде өрт өчүрүүчү төрт бөлүм иштеди.

ӨКМден алгач кафе күйүп жатканын айтышкан, кийин өрт кампадан чыкканы маалым болду. Андан чыккан коюу кара түтүн шаардын ар тарабынан көрүндү.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок.

Өрт өчүрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0