Чехия маршал Коневдин эстелигин Россияга берүүдөн баш тартты

Жазылуу
Чехиянын Коргоо министрлиги Праганы 1945-жылы нацисттерден бошоткон советтик маршал Иван Коневдин эстелигин Россияга берүүдөн расмий баш тартты.

Монументти апрель айында муниципалдык бийлик Прагадан, орнотулган жеринен алып салган.

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу чехиялык кесиптештерине эстеликти кайтарып берүү боюнча кайрылган. Анткен менен Чехиянын коргоо министри Лубомир Метнар бул маселени чечүү ал жетектеген ведомствонун көзөмөлүндө эмес экендигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0