Питондун оозунан антилопаны жула качкан жырткычтын видеосу

Жазылуу
Ири питон өзүнүн олжосун көз алдында гиенага тарттырып жиберип, томсоргон тейде кала берди. Окуя Түштүк Африкадагы Крюгер паркында болгон. Бул туурасында National Geographic Россия сайты жазды.

Видео YuoTube каналына жарыяланган.

Тумшугуна эч нерсе илинбей келе жаткан гиена андан көп алыс эмес жерде антилопа менен тамактанууга ниет кылган ири жыланды байкаган. Ал дароо токтой калып, акырын аңдый баштаганын көрүүгө болот. Бир учурда ыңгайын келтирип, бир нече кулач болгон жыландын оозунан жаныбарды жула качкан.

Ал эми тамагын алдырып жиберген жылан ошол жерде кала берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0