6 миң метр бийиктик! Катуу шамалда аралыктан май куйган учактардын видеосу

Жазылуу
Россиянын Коргоо министрлиги бомбалоочу Су-34 аскердик учагына бир нече миң метр бийиктиктен май куюп жаткан видеону жарыялады.

Тасма истребителдердин кабинасынан тартылган. Аталган учактан сырткары Су-24М жана Су-30СМ үлгүсүндөгү аба техникаларына да май куюлган.

Маалыматта алар Ростов жана Волгоград облустарындагы экипаждар экендиги айтылган.

Красиво! Новую фигуру высшего пилотажа показали российские летчики — видео - Sputnik Кыргызстан
Укмуш! Россиялык учкучтардын асмандагы чеберчилиги видеодо
Кадрдан асмандагы булуттарды аралап учуп бара жаткан истребителдерди көрүүгө болот. Алты миң метр бийиктикте авиакеросин куя турган түтүктөрдүн аскерий учактардын тумшук жагына катуу шамалга карабай ылайыкташып, тетиктердин автоматтык түрдө иштегени даана тартылып калган.

Бул операция саатына 600 чакырым ылдамдыкта учуп бара жатканда жасалганы маалымдалган.

Ал эми танкер катары Россиянын Аскер космостук күчтөрүнүн Ил-78 үлгүсүндөгү май куюучу учагы колдонулган. Эреже боюнча аба кемелери бири-биринен болгону 20 метр гана аралыкта болушу зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0