Кыргызстандык Курманов "Что? Где? Когда?" оюнунан 80 миң рубль утуп алды

Жазылуу
Кыргызстандык Рысбек Курманов "Что? Где? Когда?" интеллектуалдык телеберүүсүнөн 80 миң рубль утуп алды.

Кечээ, 17-майда, "Что? Где? Когда?" телеберүүсүнүн кезектеги оюну болгон. Анда телекөрүүчүлөр Виктор Сидневдин командасы менен ат салышкан. Коронавирустан улам оюн залда көрүүчүсү жок өттү.

Видеодон (24:20) Бишкек шаарынын тургуну катышуучуларга суроо берген. Бирок команда мүчөлөрү туура жооп бере албай калып, телекөрүүчүлөрдүн пайдасына 4:0 эсеби менен аяктаган.

Анын натыйжасында Курманов оюнчуларды жеңди деп табылып, 80 миң рубль утуп алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0