Индиялык кыз тамак-аш татымалынан дүйнөдөгү эң чоң сүрөт тартты. Видео

Жазылуу
Аянты 180 чарчы метрди түзгөн картинага эртең менен күндүн чыгышын карап отурган кыздын элеси түшүрүлгөн.  Ал бир нече саатта тартылган.

Индияда студент кыз тамак-ашка кошулуучу татымалдар менен дүйнөдөгү эң чоң картина тартты. Бул туурасында РИА Новости жазып чыкты.

Рекордно большую порцию лагмана приготовили в Москве — вкусное видео - Sputnik Кыргызстан
Өзбек ашпозчулары Москвада 797 кг лагман жасап рекорд жаратты. Видео
Гиннестин рекорддор китебинин өкүлдөрү татымалдын, анын ичинде куркума жана бир катар азыктардын жардамы менен тартылган дүйнөдөгү эң чоң картина катары рекорд жаратканын каттаган.

Сүрөттө эртең менен күндүн чыгышын карап отурган кыздын элеси чагылдырылган. Анын аянты 180 чарчы метрди түзөт. 

Бул эмгектин автору Татинени Срейи Андхра-Прадеш штатындагы университетте коммуникация жана электроника факультетинде окуйт. Бул сүрөттү тартууга төрт саат 15 мүнөт убакыт кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0