06:52 06 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816
Видео

Уясын коргоп алп пилди кетенчиктеткен турнанын видеосу

Кыскача шилтеме алуу
272 0 0

Африкадагы саваннада пилдер жайылып жүрүп капыстан турнанын уясына жакындап барып калган. Канаттуу кадимкидей айбат көрсөтүп, аларды артка жылдырган. "National Geographic Россия"  сайтынын маалыматына караганда, турна жумурткаларын жан далбастап коргогон.

Видео Түштүк Африкадагы Крюгер жаратылыш паркында тартылган.

Канаттуу алгач чоң пилге каршылык көрсөтүп, артка жылдырган. Андан кийин кезек кичинекей пилге келип, анын маңдайына барып алып, канаттарын эки жакка кетенчиктеткен. Бирок муну көргөн эне пил узун тумшугу менен каршылык көрсөткөнү турнаны чочуткан эмес.

Тема боюнча

Жан деген кандай таттуу. Шумкарлар менен өрдөктүн суудагы окуясынын видеосу
Жаалданган пил автоунааны артка сүрүп, капотун жулуп алган. Видео
Белгилер:
коргоо, пил, парк, жаратылыш, Африка

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ