03:47 07 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816
Видео

Адис автоунааны кантип дезинфекциялоо керектигин көрсөтүп берди. Видео

Кыскача шилтеме алуу
195 0 0
© Sputnik / Эмиль Садыров

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун профилактикалык дезинфекция бөлүмүнүн башчысы Айгүл Ниетбаева автоунааны туура дезинфекциялоо жолдорун түшүндүрдү.

Адистин айтымында, машинаны спирт жана хлор кошулган каражаттар менен тазалоого болбойт. Анткени алар коррозияны пайда кылып, салонду каптоочу материалды жарактан чыгарат.

"Санэпидемкөзөмөл борборунун кызматкерлери автоунааларды атайын бактерияга каршы каражаттар менен тазалайт. Базарда анын түрлөрү көп. Курамын жакшылап окугула, хлор менен спирт болбошу керек. Көпчүлүк каражаттарды сууга аралаштырабыз. Мисалы, бир литр сууга 1 миллиграмм каражат кошосуз. Тагыраак инструкциясы таңгагында жазылган", — деди Ниетбаева.

Даяр болгон аралашманы колуңуз тийген жердин баарына чачасыз. Адатта дайындалган аралашма бир айга чейин жарамдуу болуп эсептеле берет.

"Негизгиси аралашманы караңгы бөлмөдө сактаңыз, ал эми абанын температурасы ага таасир этпейт. Ыңгайлуу болсун десеңиз суюктукту атайын чачмасы бар капкак менен жабылган бөтөлкөгө куюп коюңуз. Аралашманы маал-маалы менен эшикке жана кармоочторго чачып туруңуз", — деди адис.

Дезинфекциялаган соң автонун эшик, терезесин бир саатка жаап коюу керек, андан кийин ачып желдетесиз. Бул процедураны күнүнө бир нече жолу кайталаса дагы болот.

"Базардан дезинфекциялоочу каражат алып жатканда курамына жакшылап көңүл бурууну сунуштайм. Негизи анда вирус, бактерия сыяктуу бардык мителерди өлтүрө турган кошулмалар болушу шарт", — деди Ниетбаева.

Ошондой эле ал автонун ичи дезинфекцияланып жатканына карабай, салондо колду тазалоо үчүн антисептикалык каражаттар болушу керектигин кошумчалады.

Тема боюнча

Ыбышева: дезинфекциялык каражаттарды туура колдонуу маанилүү
Ат-Башынын айылдары дельталёт менен асмандан дезинфекцияланат
Белгилер:
дезинфекция, автоунаа

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ