01:59 07 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816
Видео

Өзгөчө абалдан чыккандан кийин Бишкектин асмандан көрүнүшү. Видео

Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1510)
340 0 0
© Sputnik / Акылбек Батырбеков

Өзгөчө абал режиминин аяктаганына карабай, Бишкекте өзгөчө кырдаал тартиби сакталууда. Бул мурдагыдай эле калаанын ичинде жүрүү чектелүү болот деген түшүнүк. Анткен менен коменданттык саат алып салынган, комендатура өз ишин токтотту.

Эми шаардын ичинде ары-бери каттаганда чөнтөккө ким экениңизди билдирген документ, иштеген жана жашаган жерден маалым кат сала жүрүш керек. Патент да ашыктык кылбайт. Иштеген жерден алынган кагазды Салык кызматынан күбөлөндүрүш керек. Ал эми акчаны жеке өзү иштеп тапкандар ишке жетиши үчүн маршруттук баракча түзүп алышы шарт.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов карантин эрежесин бузгандар жазалана турганын жашырган жок. Анын айтымында, бет кап кийбей жүргөндөр бир миң сомдон 5000 сомго чейин айыпка жыгылат.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1510)

Тема боюнча

Бишкектин тегерегиндеги 16 жерге карантиндик пост коюлду
Борбор калаада коронавирустун 98 очогу бар
Белгилер:
бет кап, коронавирус, өзгөчө кырдаал, карантин, Бишкек, Кыргызстан

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ