Чоң атам 25 фашистти жок кылыптыр. КРдин футбол боюнча машыктыруучусунун баяны

Жазылуу
Sputnik агенттигинин "Фронт жаңырыгы" долбооруна Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин катышты.

Краснодарлык 19 жаштагы улан Анатолий Коваленко майданга 1942-жылы кетип, Белорусь фронтундагы 696-аткычтар полкунун курамында согушуптур.

"Память народа" сайтынын жардамы менен төмөнкү маалыматты билдим. Чоң атам 1945-жылы 14-17-январда Пулавск плацдармындагы байкоо салган эки жайды, эки блиндажды, үч пулемётту талкалаптыр. Андан сырткары бир кырка болуп ок чыгарып жаткан линияны иштен чыгарып, 25 гитлерчини жок кылган", — деп айтып берди Крестинин.

Бул эрдиги үчүн II даражадагы Даңк ордени менен сыйланыптыр.

"Ал майданга аттанганда 19 жашка жаңы гана толуптур, андай уландар миллиондоп саналган. Ошол каарман адамдар эч кылчактабай мекен үчүн өмүрүн берип, дүйнөнү фашизмден куткарган. Болочок муундар бул эрдиктерди эстеп жүрүшү керек. Муну менен биз ардагерлерге урмат, сый көрсөтөбүз", — деди Крестинин.

Улуу Жеңиш күндүн алдында Sputnik редакциясынын Кыргызстандагы, Казакстан, Белоруссия, Абхазия, Армения, Молдова, Грузия, Азербайжан жана Түштүк Осетиядагы агенттиктери согуштун каармандарынын тарыхын жарыялайт.

Бул жоокерлер, офицерлер Белорусь, Балтика боюндагы, Кавказдагы, Түштүк жана дагы бир топ фронттордо салгылашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0