Быйыл коронавирус эпидемиясынан улам "Өлбөс полк" жүрүшү онлайн-режимде өтүүдө.
Виртуалдык жүрүшкө катышуу үчүн 2 миллион 100 миң арыз келип түшкөн. Анын ар бири сөзсүз түрдө модерациядан өткөрүлөт, андан кийин гана ардагер онлайн-жүрүшкө жөнөтүлөт.
Акцияга улуу муундун өкүлдөрү гана эмес, жаштар да катышууда. Тиркеменин дээрлик үчтөн бир бөлүгү 21 жашка чейинки кыз-жигиттер. Анкета толтургандардын бардыгы өз баатырларын соцтармак аркылуу виртуалдык "Өлбөс полк" жүрүшүнөн көрө алат.
"Өлбөс полк — онлайн" долбоорунун уюштуруучусу — "Россиянын өлбөс полку" коомдук бирикмеси. Өнөктөштөр: "Сбербанк" банкы, Mail.ru Group. Маалыматтык өнөктөштөр: "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги, ТАСС маалымат агенттиги, Sputnik эл аралык маалымат агенттиги, "Аргументы и факты" басылмасы, Мегафон жана Tele2 уюлдук операторлору, "Okko", Море.тв, Ivi.ru онлайн-кинотеатрлары, СТС, "Победа" телеканалдары.
"Өлбөс полк" акциясы биринчи жолу 2012-жылы Томск шаарында өткөн. 2013-жылы Россия, Казакстан жана Украинада белгиленген Жеңиш майрамында согушка катышкандардын сүрөтүн 200 миңге жакын киши көтөрүп, параддан өткөн.
2014-жылдан тарта бул акцияга Бишкек шаары да кошулуп, анда миңге чукул адам согушка катышкан чоң аталарынын сүрөтүн көтөрүп жөө басышкан. 2018-жылы "Өлбөс полкко" 45 миң, 2019-жылы 50 миңге чукул адам чогулган. Быйыл пандемиядан улам ага кыргызстандыктар үйдөн отуруп катышууда.