Согуш жөнүндө ыр окугула: РФ Кеңешинин спикери Жеңиштин 75 жылдыгы тууралуу

Жазылуу
Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын утурлай Sputnik РФтин Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенкодон пандемия учурунда юбилейди кандай тосуп жаткандыгын айтып берүүсүн өтүндү.

Валентина Ивановна согуш жылдарын баяндаган поэзияны угуп дем-күч алууга кеңеш берип, өзү да жакшы көргөн ырларынын бирин окуп берди.

Sputnik агенттиги менен болгон эксклюзивдүү маегинде эмне үчүн Роберт Рождественскийге токтолгонун да түшүндүрдү.

— Валентина Ивановна, азыркы кырдаалдан алып караганда Улуу Жеңиштин юбилейи кандай майрамдалат деп турасыз? Үйбүлөлүк архив, сүрөттөр жөнүндө айттыңыз эле. Андан сырткары, окуянын духуна сүңгүп кирип, дагы эмнелерди сунуштайсыз?

Аялынын каты жоокерди өлүмдөн алып калганын Светлана Назаренко баяндады. Видео - Sputnik Кыргызстан
Аялынын каты жоокерди өлүмдөн алып калганын Светлана Назаренко баяндады. Видео
— Ырлар… Согуш жөнүндө ырлар... Өзүңөр окугула, балдарга да окуп бергиле. Биз КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын алкагында долбоор жасаганбыз. Бир нече актер, ардагер, саясатчы жана жаш муундун өкүлү Улуу Ата Мекендик согуш туурасында бир чыгарманы окушат. Башка кесиптештерим сыяктуу эле мен дагы ага катышкам. Эмнени окуш керектигин мага ишенип тапшырышты. Бир топко чейин созуп жүрүп алдым. Ыр издедим. Бир топ эле татаал болду, аз жерден долбоорду үзгүлтүккө учуратып ала жаздадым!

Калп эле, жасалма окугум келген жок. Негизи анткенди өзүм да жаман көрөм... Аскер поэзиясын аңтарып, кайрадан казып окуп чыгууга туура келди. Аларды барактап алып кыйналган күндөрүм да болду. Бирок аныма ичим ачышпайт. Азыр Жеңиш күндүн алдында таасирленүү өтө керектүү жана абдан маанилүү нерсе. Жан дүйнөң тазаланат, катарсис. Өзгөчө фронтовик акындарды окуганда башкача болосуң.

— Өзгөчө кайсы чыгармалар жан дүйнөнү ойготуп кетти?

— Симонов, Твардовский, Окуджава, Друнина, Берггольц… "Я убит подо Ржевом", "Если дорог тебе твой дом", "Я ухожу от пули", "Ты вернешься", "Накануне" чыгармалары…

Жерде туруп, атчанды кулата койчу. Назаровдун ардагер таякеси тууралуу айткан видеосу - Sputnik Кыргызстан
Жерде туруп атчанды кулата койчу. Назаровдун ардагер таякеси тууралуу айткан видеосу
Окуп жатып жоокерди, апааттуу согуштун алдында турган кишини туясың. Ал жеңиш керек деген эбегейсиз майдандын алдында турат... Келечектин алдындагы милдет, үмүт жана айыгышкан кармаш. Буга эмне деген дух керек! Аны менен катар эле мекенге болгон чоң сүйүүнү сезесиң. Жөнөкөй, сөзгө сараң, бирок жеткиликтүү. Ар бир сөзү башкача. Бул да фронто катышкан акындарда кездешет. Аны сен да өзүңдү дал ошол согуш отунда калгандай сезесиң.

Бирок Роберт Рождественскийдин "Реквием" чыгармасына токтодум. Бул, ал тургай, өзүм үчүн да күтүүсүз болду. Бир карасаң бул чыгарма канча ирет окулган, канча ирет айтылган, аны канча ирет укканбыз. Бул да жөн жерден болгон эмес окшойт. Анын күчү ааламды аңтарып кете тургандай! Билесизби, бул тээ ошол мезгилдеги азапка, кайгы-муңга, Жеңиштин чексиз зор экендигине сырттан туруп ташталган көз караш. Ар бир ирмем башкача. Ар бир деми сыйдаланып, жылмаланып, түбөлүктүүлүккө бекитилген. Окуганда сөздүн өзүнө тарткан сыйкырына арбалып каласың, ал жөн сөздөр эмес, адамга күч, кубат, дем берген касиетке эгедер. Силер да окугула.

Жаңылыктар түрмөгү
0