20 күн мурун төрөлгөн тун уулумду көрө элекмин. Жаш дарыгердин баяны видеодо

Жазылуу
Дарыгер коронавирус менен күрөшүп жатканына бир жума болгондо, үй-бүлөсүндөгү жагымдуу кабарды уккан.

Саламаттык сактоо министрлиги Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында иштеген дарыгер Бактияр Абдраим уулу тууралуу маалымат менен бөлүштү.

13-апрелде жаш дарыгердин тун уулу жарык дүйнөгө келген. Эрежеге ылайык, медиктер 14 күн иштеп, андан кийин дагы 14 күн обсервацияга жаткырылат. Мындан улам ал жаңы төрөлгөн уулун азыркыга чейин көрө электигин айтат.

"Мен 6-апрелде өзүбүздүн бригада менен жугуштуу оорулар бөлүмүнө кирип жумушумду баштагам. Бейтаптар көп түшүп жатты. Дем алыш жок, күн сайын ооруканадан чыкпай иштеп жаттык. Ошол учурда тун уулум төрөлгөнү туурасында жакшы кабар уктум. Аябай сүйүндүм, сезимдеримди сөз менен жеткирип бере албайм. 20-апрелден тарта обсервациядабыз, эртерээк чыкканга шашылып, уулумду көргөнгө ашыгып жатам", — деди Абдраим уулу.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги Бактияр Абдраим уулун перзенттүү болушу менен куттуктап, ага эртең үй-бүлөсүнө барууга уруксат берилерин кабарлады. Анын карантиндик мөөнөтү аяктап, анализдери таза чыкканы белгиленет.

Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында 12 медицина кызматкери обсервацияга жаткырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0