Булчуңдуу, келишимдүү бишкектик атлет үйдөн машыгууну көрсөттү. Видео

Жазылуу
Карантин убагында үйдөн машыгууну ойлонуп, бирок аны кайсы көнүгүүлөрдөн баштоону билбей турсаңыздар Sputnik агенттиги тарткан видео сизге жардам берет.

Карантин бизге кеп бекен! Үйүн залга айландырып машыккан КР спортчулары. Видео - Sputnik Кыргызстан
Карантин бизге кеп бекен! Үйүн залга айландырып машыккан КР спортчулары. Видео
Пауэрлифтинг боюнча спорт чебери, бодибилдингдин Mens Physique категориясы боюнча КРдин чемпиону жана марафончу Руслан Жарматов бардык курактагы адамдар жасай турчу көнүгүүлөрдү көрсөтүп берди.

Анын айтымында, машыгам деген киши ага убакыт табышы керек. Ал эми мотивация алуунун жолу жөнөкөй, муну ден соолугуң чың болушу жана денеңдин келишимдүүлүгү үчүн жасап жатканыңды түшүнүшүң керек экен.

"Түшүнөм, азыр карантин, иштер бар, дагы башка шылтоолор табыла берет. Бирок жасаш керек. Көп адамдан спорт менен машыгууга же сүйүктүү ишим менен алектенүүгө убактым жок деген сөздү угам. Бирок азыр ошонун бардыгын ишке ашыра турчу убак. Спорт силердин эркиңерди, мүнөзүңөрдү бекемдейт. Жаш муунга үлгү бололу", — деген Жарматов.

Ал спорттук резина, гантель жана штанганын жардамы менен көнүгүүлөрдү жасап берди. Эгер ал каражаттар жок болсо ошого окшош оорураак нерселерди пайдаланса болорун кошумчалады. Мындан сырткары, килемченин үстүндө да ден соолукту чыңдоонун жолдорун көрсөттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0