Чоң атам Сталинград согушунда курман болгон. Министр Муканбетовдун баяны

Жазылуу
Экономика министри Санжар Муканбетов "Фронт жаңырыгы" долбооруна кошулду. Ал Улуу Ата Мекендик согушка катышкан чоң атасы жана таятасы жөнүндө айтып берди.

"Фронт жаңырыгы" долбоорунда кыргызстандыктар жана жакынкы коңшулаш өлкөдөгүлөр Улуу Жеңиштин барк-баасын ага катышкан аталар, апалар жөнүндө урпактары эскерип айтып берет. Быйыл дүйнө Жеңиштин 75 жылдыгын белгилейт.

Министрдин чоң атасы Муканбет Молдоташев 1914-жылы туулган. 1942-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылат.

“Аны пулемётчулукка үйрөтүшүптүр. Чоң атам акыркы катында Сталинград салгылашуусуна катыша турганын жазган экен. Ошол бойдон согуштан келбей калды. Подольск шаарынан ал Сталинграддын алдындагы кармашта курман болуп, дайынсыз калганын айтышты", — дейт министр.

Берлинге чейин барган. Төрага Жумабеков чоң атасы тууралуу айтып берген видео - Sputnik Кыргызстан
Германияга чейин барган. Төрага Жумабеков чоң атасы тууралуу айтып берген видео
Санжар Муканбетовдун таятасы Шайымбет Жанузаков да 1914-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. 1942-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылган экен.

“Ташкенттин четиндеги парашютчулардын тездетилген курсунан өтүптүр. 1943-жылы бутунан жарадар болуп, I топтогу майыптыгы менен согуштан кайткан. Туулган жерине келгенден соң эл чарбасынын ар кыл тармактарында эмгектенди”, — деди Санжар Муканбетов.

Улуу Жеңиш күндүн алдында Sputnik редакциясынын Кыргызстандагы, Казакстан, Белоруссия, Абхазия, Армения, Молдова, Грузия, Азербайжан жана Түштүк Осетиядагы агенттиктери согуштун каармандарынын тарыхын жарыялайт. Бул жоокерлер, офицерлер Белорусь, Балтика боюндагы, Кавказдагы, Түштүк жана дагы бир топ фронттордо салгылашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0