Жерде туруп атчанды кулата койчу. Назаровдун ардагер таякеси тууралуу айткан видеосу

Жазылуу
Sputnik агенттигинин "Фронт жаңырыгы" долбооруна кыргызстандык легендарлуу спортчу, WBA боюнча профессионал-боксчулар арасында дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров кошулду.

Назаровдун таякеси Таш Саитхожаев 19 жашында, 1941-жылы СССР Ички иштер элдик комиссариатынын катарына кызмат кылууга чакырылган. Ал үчүн согуш 1947-жылы аяктаган. Себеби Украинанын Карпатындагы уюшулган кылмыштуу топтор менен күрөшүп жүргөн.

"Апамдын айтымына караганда, спортко жакын болуптур. Жерде туруп атчан кишини тоголото койчу экен. Кунг-фу менен машыгып, эрки күчтүү адам болгонун айтып калчу. Артында үч уулу жана бир кызы, неберелери калган. Мындай айтып жатканымдын себеби, 60-жылдары трагедиялуу окуя болуп, дүйнөдөн өтүп кетти. Менин эсимде иш дегенде ичкен ашын жерге койгон, Мекендин кадырын билген адам катары калды. Апам жана анын жубайы да бизди үй-бүлөдө ушундай тарбиялады", — деп айтып берди Назаров.

Берлинге чейин барган. Төрага Жумабеков чоң атасы тууралуу айтып берген видео - Sputnik Кыргызстан
Германияга чейин барган. Төрага Жумабеков чоң атасы тууралуу айтып берген видео
"Фронт жаңырыгы" — Sputnik маалымат борборлорунун салттуу долбоору. Улуу Жеңиш күндүн алдында Sputnik редакциясынын Кыргызстандагы, Казакстан, Белоруссия, Абхазия, Армения, Молдова, Грузия, Азербайжан жана Түштүк Осетиядагы агенттиктери согуштун каармандарынын тарыхын жарыялайт. Бул жоокерлер, офицерлер Белоруссия, Балтика боюндагы, Кавказдагы, Түштүк жана дагы бир топ фронттордо салгылашкан.

"Фронт жаңырыгында" кыргызстандыктар жана жакынкы коңшулаш өлкөлөрдөгүлөр Улуу Жеңиштин барк-баасын, ага катышкан аталар, апалар жөнүндө урпактарын эскерип, айтып берет. Быйыл дүйнө Жеңиштин 75 жылдыгын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0