Жүндүү жана ачык түстөгү тюлендин башка өңгө өткөн видеосу. Россиядагы окуя

Жазылуу
Мурманскиде ачык түстө төрөлгөн тюлень окумуштуулардын таңгалуусун жана илимдеги жакшы жаңылык болду деген канааттануусун жараткан. Бул тууралуу Мурманск деңиз биология институтунун YouTube баракчасында айтылат.

Өзгөчө жаныбар өткөн жылдын декабрь айында Полярный шаарындагы аталган илимий жайдын аквакомплексинде туулган.

Маалыматта бул окуянын уникалдуулугу анын энеси 2005-жылдан бери аталган жайда жашап келсе, атасы жапайы тюлень болгону айтылат.

Көздөрүн жалдыратып, энтигип... Бычакты тиктеген тюлендин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Көздөрүн жалдыратып, энтигип... Бычакты тиктеген тюлендин видеосу
Алгач жарык дүйнөгө келгенде бала тюлень окумуштууларды бир жагынан таңгалдырса, бир жагынан абдан кубанткан. Себеби ачык түстөгү бул жаныбарлар сейрек кездешкендиктен, Кызыл китепке киргизилген.

Биолог окумуштуулар өзгөчө тукумдагы жаныбарды көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк жаралды деп эсептешүүдө. Бул туурасында жергиликтүү телеканал билдирген.

Ал сапсайган агыш жүндүү болсо, эки ай ичинде акырындап отуруп жүнү түшүп, бозомтук өңгө келген.

Окумуштуулар жаныбарды кылдаттык менен абдан аярлап чоңойтушканын, тынчын албаш үчүн алиге чейин эркек же ургаачы экенин биле электигин айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0