"Темная ночь" ыры бир нече тилде жаңырды

Жазылуу
Согуш жылдарындагы "Темная ночь" (1943-жыл) ырын россиялык ырчы Денис Майданов жана "Дорога на Ялту" сынагынын катышуучулары аткарышты.

"Дорога на Ялту" эл аралык фестивалынын эки өзгөчөлүгү бар. Биринчиси — фронттук ырларды чет элдик ырчылар өз тилинде аткарышат. Экинчиси — катышуучулар сахнада эмес, өз үйүндө, смартфондун камерасын карап ырдашат.

Франциялык макизарлардын үй-бүлөсү Досой Кадыров менен Елена Бертран.Фрунзе шаары. 1965-жыл - Sputnik Кыргызстан
Концлагерден качып барып француз кызы Еленага үйлөнгөн. Макизар Досой Кадыровдун баяны
Анын жарым финалы 8-май күнү саат 20:00дө "Культура" каналында көрсөтүлүп, Sputnik агенттиктеринин жана YouTube тармагында трансляцияланат.

Фестивалдын көркөм жетекчиси, журналист Эрнест Мацкявичюстун айтымында, фронттук ырлар чет тилдеринде жаңырчу иш-чара тууралуу идея бир топ жыл мурда келген.

Бирок аны ишке ашырууга авторлор быйыл бел байлап, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Ялта шаарында өткөрүүнү чечишкен. Тилекке каршы, коронавирус пандемиясы тоскоолдук жаратты.

Жаңылыктар түрмөгү
0