Чалкасынан жыгып... UFC бөтөнчө жеңиштердин видеосун чыгарды

Жазылуу
Аралаш мушташтын күйөрмандары UFC уюму уюштурган турнирлерде мушкерлердин кимура — колду кайруу ыкмалары менен жеңишке жеткен видеолорун көрө алышат.

Видеотоптомду UFC Russia аталышындагы YouTube-канал жарыялады. Андан UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун, оор салмактагы мурдагы чемпион Фрэнк Мирдин, англиялык мушкер Курт Ванбертондун жана орточо оор салмактагы мурдагы чемпион Жим Круттун беттештерин көрүүгө болот.

Кимура — атаандашты чалкасынан жыгып, колун билек жагынан кармап туруп кайруу ыкмасы. Ыкма япон дзюдочусу Масакихо Кимуранын атынан коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0