Бош учакта баратып бийлеген жалгыз жүргүнчү менен үч стюардессанын видеосу

Жазылуу
Southwest авиакомпаниясынын билетин сатып алган саякатчы Сет Томас аба кемесинде жалгыз учуп барарын борттун ичине киргенде билген.

Бул мүмкүнчүлүктү бошко кетирбөө максатында борт коштоочу аялдарды бийге чакырган. Тагыраагы, алардан #ComeAroundMe челленджине катышууну суранган.

Видеодо алар Жастин Бибердин Come Around Me ырына бийлеп жаткандыгын, ал эми салондо алардан башка жан жок экендигин көрүүгө болот.

Ал экипаж сапар учурунда абдан сылык мамиле кылгандыгын жазган.

"Бул адамдар менин дал ушул саякатымды унутулгус кылышты", - деп жазган Томас.

Flightstats кызматынын маалыматына караганда, Southwest Лос-Анджелестен Окленд аймагына Boeing 737-700 аба кемесин учурат. Ал 149 кишиге ылайыкталган борт. Жолго болжол менен бир жарым саат убакыт кетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0