13:22 30 Аяк оона 2020
Түз эфир
  • USD79.6000
  • EUR92.9927
  • RUB0.9989
Видео

Жата калып, өлүмүш болуп... Карантинден адам эмес ит да тажаган видео

Кыскача шилтеме алуу
571 0 0
© Видео / YouTube / Caters Clips

Техаста карантинде эшикке сейилдегени чыккан Бюл аттуу иттин үйгө киргиси келбей, жерге өлүмүш болуп жата калган видеосу интернетке тарады.

Мындай күлкү келерлик окуяны жаныбардын ээси Кэди МакНерни ити экөө сейилдөөдөн кайткан учурларда байкай баштаган.

Видеону алар Caters Clips аталышындагы YouTube-каналга жүктөшкөн.

МакНернинин айтымында, Бюл мурда эле үйгө киргиси келчү эмес эле, карантин шартында такыр эле буулугуп кеткен.

"Ал сейилдегенди жакшы көрөт, үйдө отурганды жактырбайт. Үйгө кете турган убак келип калганын билгенде жерге жата калып, өлүмүш болуп калат", — деп жазган ээси.

Мындай айлакерликти ит карантин жарыялангандан бери көрсөтүп баштаган.

Тема боюнча

Арстандарды байкабай калган гиена жырткычтарга жем болду. Видео
Боор ооруса боорго тээп... Леопард аны кудуктан чыгарган элге кол салды. Видео
Белгилер:
видео, өлүм, карантин, ит, Техас

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ