Айыгыша кармашкан эки пума, капыстан пайда болуп кайра качкан каман. Видео

Жазылуу
Эки пума кармашып жаткан айдыңда пайда болгон каман кайра кантип качканын туристтер тартып алган.

Окуя (АКШ, Флорида штаты) Девилс Гарден коругунун аймагында болгон.

Видео YouТube-каналына жарыяланган.

Туристтердин айтымына караганда, жырткычтар аймак бөлүшө албай айыгыша кармашкан. Маалыматта бири Том, экинчиси Алекс деп аталган пумалар экендиги жазылган. Алар бири-бирин кажып, тиштеп кармашып жатканда айдыңга каман чуркап чыккан.

"Кыязы, каман аларга мурдатан өч окшойт. Анткен менен аларды көрүп, үстөмдүк кылып жатканы кылчая калганда, экинчи пума учурдан пайдаланып качып кеткен", — деп билдирген роликтин автору.

Дикий кабан с детенышем - Sputnik Кыргызстан
Полицияга жеткирбей аянтты аралап качкан каман. Казакстандагы видео
Видеодон каман жалгыз калып, ого бетер жаалданган жырткычты саамга тиктей, андан соң артын карабай качып баратканын көрүүгө болот.

Анткен менен камандын коркпой эл аралап кеткен учурлары да арбын кездешет. Буга чейин Индиянын түндүгүндө жайгашкан Уттар-Прадеш штатынын Султанпуре шаарында май куюучу жайга келип алган камандын чаң-тополоң салганы боюнча видео тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0