Бишкектик дарыгер "Что? Где? Когда?" берүүсүнөн 70 миң рубль утуп алды

Жазылуу
Бишкектик дарыгер Владимира Долтмурзиева "Что? Где? Когда?" интеллектуалдык телеберүүсүнөн 70 миң рубль утуп алды.

Кечээ, 5-апрелде, "Что? Где? Когда?" телеберүүсүнүн 2020-жылдагы жазгы сериясынын үчүнчү оюну болгон. Анда телекөрүүчүлөр Борис Белозеровдун командасы менен ат салышкан. Коронавирустан улам оюн залда көрүүчүсү жок өттү.

Видеонун 26-мүнөтүндө Бишкек шаарынын тургуну катышуучуларга суроо берген. Бирок команда мүчөлөрү туура жооп бере албай калып, эсеп телекөрүүчүлөрдүн пайдасына 3:2 болгон.

Оюндун жыйынтыгында Борис Белозеровдун командасы 6:5 эсеби менен жеңишке жеткен. Ал эми бишкектик дарыгер анын суроосуна команда туура жооп таба албай койгондуктан 70 миң рубль уткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0