15:50 04 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.4726
  • EUR82.3665
  • RUB1.0751
Видео

Жалал-Абад: дезинфекциялоо иштери асмандан жасалууда. Сүрөт, видео

Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1494)
748 0 0
© Видео / пресс-служба мэрии города Джалал-Абад

Коронавируска шектелип обсервацияга алынгандар жайгашкан имараттар, алардын турак-жайлары, базар, облустук клиникалык оорукана дезинфекцияланууда.

Жалал-Абад шаарын абадан дезинфекциялоо иштери башталды. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынын маалымат кызматынын жетекчиси Азамат Жээнбеков билдирди.

Бүгүндөн тарта мотодельтаплан жана агродрондор аркылуу асмандан залалсыздандыруу аракеттери жүрүп жатат. Иштер Бай-Дыйкан айыл чарбаны колдоо борбору тарабынан жасалууда.

  • Дезинфекция с агродрона зданий и домов от коронавируса в Джалал-Абадской области
    Жалал-Абад шаарын абадан дезинфекциялоо иштери башталды.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Джалал-Абад
  • Дезинфекция с агродрона зданий и домов от коронавируса в Джалал-Абадской области
    Бүгүндөн тарта мотодельтаплан жана агродрондор аркылуу асмандан залалсыздандыруу аракеттери башталган.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Джалал-Абад
  • Дезинфекция с агродрона зданий и домов от коронавируса в Джалал-Абадской области
    Биринчи иретте коронавируска шектелип обсервацияга алынгандар жайгашкан имараттар, алардын турак-жайлары дезинфекцияланууда.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Джалал-Абад
  • Дезинфекция с мотодельтоплана зданий и домов от коронавируса в Джалал-Абадской области
    Жээнбеков муну менен кошо облустук клиникалык оорукананын имараттары жана борбордук базардын айланасы тазаланып жатканын кошумчалады.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Джалал-Абад
  • Дезинфекция с мотодельтоплана зданий и домов от коронавируса в Джалал-Абадской области
    Бул демилге өлкөдө түзүлгөн пандемиялык кырдаалга байланыштуу жергиликтүү айыл чарбаны колдоо борбору тарабынан жасалууда.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Джалал-Абад
1 / 5
© Фото / пресс-служба мэрии города Джалал-Абад
Жалал-Абад шаарын абадан дезинфекциялоо иштери башталды.

Биринчи иретте коронавируска шектелип обсервацияга алынгандар жайгашкан имараттар, алардын турак жайлары дезинфекцияланууда.

Жээнбеков муну менен кошо облустук клиникалык оорукананын имараттары жана борбордук базардын айланасы тазаланып жатканын кошумчалады.

Бул демилге өлкөдө түзүлгөн пандемиялык кырдаалга байланыштуу жергиликтүү айыл чарбаны колдоо борбору тарабынан жасалууда. Ага керектелүүчү атайын техника жана сарпталуучу акча каражаттары менен аталган борбор өзү каржылап жатканын билдиришти.

"Мындай ыкманын артыкчылыгы илдет менен күрөшүүдө жарандардын аралыктан коргонуу мүмкүнчүлүгүн жаратат. Бул иш-аракеттер алдыдагы күндөрү башка аймактарда да улантылат", – деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстан аймагындагы эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Өлкөдө COVID-19 вирусу менен катталгандардын саны 144 адамга жетти. Алардын ичинен тогуз дарыгердин ооруну жуктуруп алганы маалым болду. Андан сырткары, Жалал-Абад облусундагы мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин 49 кызматкери обсервацияга алынды.

Бүгүн өлкө ичинде жана дүйнөдө абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1494)

Тема боюнча

Премьер-министр Абылгазиев Ошто нөөмөттөгү аскерлер, медиктер менен жолукту. Сүрөт
Ысык-Көлдө адамдарды жүк ташуучу унаага катып бараткандар кармалды. Сүрөт
Эркектерге гинекологго жолдомо бербегиле. Оштун коменданты дарыгерлерге кайрылды
Белгилер:
дезинфекция, оору, коронавирус, дарыгер, Жалал-Абад облусу, Кыргызстан

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ