Үйдө отуруп жардам бергиле! Дарыгерлер кыргызстандыктарга кайрылды. Видео

Жазылуу
Дарыгерлер менен медицина кызматкерлери элге видеокайрылуу жасаганын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ролик министрликтин Facebook баракчасына жарыяланды.

Медиктер жарандар үйдө отуруу менен аларга чоң жардам көрсөтө алышарын белгилешкен.

"Урматтуу жарандар, сиздер үйдө отурган кезде биздин дарыгерлер ар бириңиздердин ден соолугуңуздарды сакташ үчүн бардык күчүн жумшап жатат", — дешти министрликтен.

Кыргызстандагы коронавирус

Коронавируска анализ алуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарын: Пакистандагы дааваттан келген кишиден COVID-19 жакындарына жуккан
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 107ге жетти. Алардын 49у эркек, 58и аял киши. Ал эми кечээ Сузактын үч тургуну айыгып чыкканы кабарланган.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Кечки саат 20.00дөн таңкы 7.00гө чейин коменданттык саат киргизилди. Мындай режим 15-апрелге чейин созулат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0