Кытай дарыгерлери бүлөсү менен 50 күндөн кийин жолукту. Көзгө жаш алдырган видео

Жазылуу
Кытайда эпидемия учурунда бейтаптарга күн-түн дебей кызмат көрсөткөн дарыгерлер үйлөрүнө кайта баштады. Көптөн күткөн күн. Алардын жакындары менен жолугушкан учурун CCTN телеканалы интернетке жарыялаган.

Кытай бийлиги коронавирус эпидемиясын токтоткондугун жар салып, бул инфекциядан айыккандардын саны 93 пайызга чукулдады. Мындан улам дарыгерлер да үйлөрүнө кайта баштады. Видеодогу кытайлык жубайлар бул күндү абдан күтсө керек. Видеонун башында көрсөтүлгөн жубайлардын экөө тең дарыгер. Алар карантин учурунда Шаосин шаарындагы ооруканада иштешкен. Карантин бүтүп, акыры жолугушту.

Ситуация в Ухане из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жакшы кабар! Кытайда коронавирус жуктургандардын 93 пайызы сакайды
Андан кийинки мүнөттө жаш бала карантин учурунда иштеп келген апасын кучактап жатканын көрүүгө болот. Бул дарыгер аял да жолдошун, уулун 50 күндөн бери көрө элек болчу. Автобустан түшкөн аялды алгач уулу чуркап келип кучактап, андан кийин күйөөсү менен көрүшкөн.

Коронавирус узаган жылдын декабрь айынын этегинде Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында тараган. Андан бери 200гө чукул мамлекетке жайылып, жүз миңдеген кишиге жугуп, он миңдеген киши көз жумуп жатат. Ошондой эле айыккандар да арбын.

Баса, бүгүн Кыргызтанда да үч бейтап сакайып, кубанычка бөлөп турган учуру.

Жаңылыктар түрмөгү
0