Коронавирус Шенген зонасын алып түшөбү? Макрондун билдирүүсү

Жазылуу
Француз лидеринин айтымына караганда, коронавирус пандемиясы жана тилектештиктин жоктугу Евробиримдиктин негизин алсыратып, ачык чек аралар принцибин бузушу мүмкүн.

Франция президенти Эммануэль Макрон европалык коллегаларына Шенген зонасы коронавирустан улам чачырап кете турган болуп жатканын эскертти.

Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Трамп Европадан АКШга болгон каттамдын бардыгын токтотту
Өткөн жумада Европа биримдигинин башчыларынын саммитинин видеоконференциясында француз лидери пандемия аталган биримдиктин негизин жок кылышы мүмкүн деген билдирүү жасады. Макрон эгерде биримдикке мүчө өлкөлөр жаңы каатчылык менен күрөшүүдө тилектештигин көрсөтпөсө, шенгенге жана ачык чек араларга да кесепетин тийгизерин айткан.

Жонс Хопкинс Университетинин маалыматтарына караганда, Францияда COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны 37 575 адамга жеткен. Алардын ичинен 5 700ү айыгып кетсе, 2 314ү көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0