Бишкектин базарлары дезинфекцияланды. Видео

Жазылуу
Тазалоо иштери жүргүзүлөрдөн мурда тегерек-четтеги элге үн катуулаткыч менен кабар берилген. ӨКМ кызматкерлери, мындан тышкары, шаардыктарга жеке гигиенаны сактоо боюнча маалымат берди.

Кечээ Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы "Мадина", "Аламүдүн", "Ош" жана "Орто-Сай" базарларында дезинфекциялоо иштерин жүргүздү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Тазалоо жүргүзүлөрдөн мурда тегерек-четтеги элге үн катуулаткыч менен кабар берилген. ӨКМ кызматкерлери, мындан тышкары, шаардыктарга жеке гигиенаны сактоо боюнча маалымат берди.

Дезинфекция учурунда тартылган видеолорду шаардыктар дагы жарыялап жатышат. Мисалы, @dich45 аттуу колдонуучу Telegram каналына мындай видео жүктөдү.

"Алгач терезенин алдында миньондор жүрөбү деп ойлодум. Көрсө дезинфекция кылып жатышыптыр. Рахмат аларга", — деп жазды шаар тургуну.

Мындай иш-чаралар республика боюнча жүргүзүлүп жатат. Ага ӨКМдин жеке курамы жана өрт өчүрүүчүлөр тартылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0