Италия: сөөк өрттөгөн жайдагы толтура табыттар. Жүрөк сестенткен видео

Жазылуу
Италиянын Пьяченца провинциясындагы крематорийге күнүгө 20га чукул сөөк алып келишет. Бул аймак өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан. Аталган мамлекетти коронавирус эпидемиясы болушунча басып каптап турган учуру.

Жүрөктү сестенткен кадрлар интернетке чыкты. Италиянын Пьяченца провинциясы азыр COVID-19 кайнап жаткан жердин бири. Маалыматтарда бул аймакта адам өлүмү көп болуп жатканы айтылат.

Интернетке табыттардан бош жер дээрлик калбаган видео тарады.
Адамды акыркы жайга узаткан бул жай кишилердин мынчалык өлүктөрүн кабыл алууга эсептелген эмес деп айтылат маалыматта.

Россия коронавирус менен күрөштө Италияга жардам берет - Sputnik Кыргызстан
Россия коронавирус менен күрөштө Италияга жардам берет
Крематорийдин кызматкери күнүнө бул жерге орто эсеп менен 25тен табып түшүп жаткандыгын, ал эми иштегендер анын жарымысын гана алып жаткандыктарын айтып берген.

Кишинин сөөктөрү Пьяченцага коңшу аймактардан да, тагыраагы Италиянын борбордук жана түндүк жагынан да жеткирилип жатканын кошумчалады.

Алар табытты убактылуу кармоого да жер калбай калгандыгын айтышкан.

Учурда Италия Европа өлкөлөрүнүн ичинен COVID-19 коронавирусу абдан ылдамдык менен тарап, адам зыянга болуп көрбөгөндөй көп тушугуп жаткан мамлекет болууда.

Акыркы маалыматтар боюнча, Италияда 69 миң киши ооруну жуктурса, алардын 6 800ү каза тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0