Бул күндөр да өтөт! Музыканттар бишкектиктерди колдогон видео

Жазылуу
Биздин редакцияга өзгөчө видео келип түштү. Музыканттар бишкектиктерди оор учурда колдоо максатында белгилүү мелодияны аткарышкан. Алар видеону сиздер менен бөлүшүүнү суранышты. Биз болсо аны бир аз жасап, назарыңыздарга сунуштап жатабыз.

Музыканттар The Beatles тобунун Yesterday ырын аткарышкан. Чыгарманын текстинде өткөн күндөргө болгон сагыныч баяндалат. Бишкектиктер дээрлик бир жума мурда шаар кадимкидей күн кечирип, бирок абал заматта өзгөргөнүн белгилешкен.

“Кечээ эле жашообуз салыштырмалуу бейкапар өтүп жатканын эстейличи. Эч нерсе эмес. Бул күндөр дагы өтөт. Азырынча жакындарыңыз менен үйдө отуруңуздар. Баарыңыздарга ден соолук!”- дешти Нурбек Жолдошев (гитара) менен Дмитрий Федоров (скрипка).

Белгилей кетсек, Бишкекте жана Кыргызстандын бир катар аймактарында 25-марттан тарта өзгөчө абал режими иштеп жатат. Жарандар үйлөрүнөн өтө зарыл иш болгондо гана чыга алат. Кечки саат 20:00дөн 7:00гө чейин коменданттык саат. Мындай режим 15-апрелде аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0