Путин чүмбөттөлүп алып коронавируска кабылган жарандарын көрүп чыкты. Видео

Жазылуу
Мамлекет башчы медициналык борбордун кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, алардын ишин сааттын механизми менен салыштырды.

Россиянын президенти Владимир Путин Москва облусунун Коммунарка айылындагы коронавируска кабылган жарандар жаткан медициналык борборго барды. Бул туурасында RT телеканалы маалымдады.

Кадрдан мамлекет башчысы коргонуучу костюм кийип айрым корпустарга кирип, бейтаптардын абалы менен таанышып чыкканын көрүүгө болот.

"Баары аскер постундагыдай иштеп жатканын көрдүм. Аскерий сөздөрдү колдонгум келбей турат, бирок сиздерде чынында баары сааттын жебесиндей тынымсыз иштеп жатат", — деди Путин.

Россия лидери бейтаптарды караган медицина кызматкерлерине опол тоодой эмгеги үчүн ыраазычылык билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0