14:25 03 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8988
  • EUR92.7010
  • RUB1.0895
Видео

Казакстанда жубайлар онлайн-той өткөрө баштады. Видео

Кыскача шилтеме алуу
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (489)
1091 0 0

Жаш жубайлар ата-энелеринин батасын видеосүйлөшүү аркылуу алышкан. Жаңы үйлөнгөн жуптарды кесиптештери да мессенджер аркылуу куттукташкан.

Казакстанда коронавирустун жайылып кетпеши үчүн киргизилген өзгөчө абал режиминен улам тойлор онлайн өтө баштады.

Almaty.tv телеканалы билдиргендей, онлайн-режимдеги биринчи тойду Нур-Султан шаарында жашаган жаш жубайлар өткөргөн.

Азамат менен Асел үлпөт тоюн 22-мартка пландашкан. Кудалашуу, кыз узатуу каадасы Аселдин туулуп-өскөн жери Арыста болмок. Бирок өлкөдөгү кырдаалдан улам планды өзгөртүүгө туура келген.

"Чынын айтсак, эмне кылышты билбей калганбыз. Алгач Арыска экөөбүз эле барып келели деп ойлогонбуз. Бирок келинчегимдин ата-энеси батасын телефон аркылуу эле берүүнү чечишти. Биз үйгө молдону чакырып, жакын туугандарыбыздын коштоосунда эле никебизди кыйдырдык", — деди Азамат.

Жубайлардын ата-энелери видеочалуу аркылуу таанышып, кудалашкан.

"Ата-энем куда келет деп күтүп, ресторан таап, каада-салт менен узаталы дешкен. Өлкөдө өзгөчө абал жарыяланып каларын ойлогон да эмеспиз. Жыйынтыгында кудалар видеочалуу аркылуу эле таанышып калышты", — деди Асел.

Кесиптештеринин куттуктоолорун жаш жубайлар мессенджер аркылуу кабыл алышкан.

Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (489)

Тема боюнча

Той бергендерди көрсөңөр чалгыла! Мыйзам бузгандар 300 миң сомго чейин айып төлөйт
Өзгөчө абал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери. Инфографика
Бишкекке аймактардан келип иштегендер 20:00гө чейин шаардан чыгышы керек
Белгилер:
онлайн, видео, той, Казакстан

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ