Жолдор тосулуп, үч айыл өкмөтү карантинге алынды. Баткендеги абалдын видеосу

Жазылуу
Умрага барып келген Баткен районунун тургуну коронавирус жуктурганы 21-мартта аныкталды. Буга байланыштуу Самаркандек, Ак-Татыр, Ак-Сай айыл аймактарына өзгөчө кырдаал киргизилип, кирип-чыгууга чек коюлду. Sputnik карантинге алынган айылдагы абал менен тааныштырат.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов вирус жуктурган аял Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып, 12-мартта келгенин айтты. Ал Самаркандек айылынын тургуну.

Облус боюнча 35 киши обсервацияга жаткырылып, төртөө изоляцияга алынган.

Бишкек-Ош жолундагы унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө кырдаалда Бишкек — Ош жолу жабылабы? Өкмөттүн жообу
Ал эми Баткен районунун акими Каланбек Маркаев карантинге алынган айылдарда азык-түлүк коопсуздугу да көзөмөлгө алынып, эл көп топтолгон соода түйүндөрү жабылганын билдирди.

Санитардык-эпидемиологиялык кызмат тарабынан айылдын ичи, мекеме, ишканалар, коомдук жайлар дезинфекцияланып жатат.

Белгилей кетсек, 22-марттан тарта бир айлык мөөнөткө өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режими киргизилет.

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталды. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Чүйгө кирген адамдарды медициналык кызматкерлер тепловизор менен текшерип жатат - Sputnik Кыргызстан
Чүйгө кирген адамдар тепловизор менен текшерилип жатат. Видео
Ал эми 20-мартта умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болгон. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

21-мартта дагы Сузактын беш, Бишкектин эки, Баткендин бир тургунунан COVID-19 аныкталды.

Ушу тапта жалпы вирус жуктуруп алгандардын саны 14кө жетти.

Республика аймагында эмне болуп, кандай чаралар көрүлүп жатканын Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан биле аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0