Боор ооруса боорго тээп... Леопард аны кудуктан чыгарган элге кол салды. Видео

Жазылуу
Индияда кудукка түшүп кеткен леопардды чыгарам деген адамдар коркунучка кептелип, эки киши жырткычка жем болуп кала жаздады.

Newsflare басылмасынын жазышынча, окуя 17-мартта Гуджарат штатынын Наврангпура районунда болгон.

Аймактын тургундары куткаруучулар тобун күтпөй эле леопардды өз алдынча чыгара башташкан.

Сыртка чыгып алган жырткыч чуркап барып эки кишиге кол салып, андан кийин токойго из жашырып кеткен. Жабыркаган адамдар ооруканага жеткирилгени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0