Кыргызстанда жума намаз токтотулду. Муфтийдин кайрылуусу видеодо

Жазылуу
Коронавирус кырдаалына байланыштуу Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кайрылуу жасады.

Видео муфтияттын сайтына жүктөлдү. 

Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Миграция кызматы элди Россияга барбай турууга чакырды
Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин айтымында, жума намазы убактылуу токтотулуп, бешим намазын үйлөрдө окууну сунуштайт. Мечиттер жабылбайт, намаз убактыларын билдирүү үчүн азан айтылып турат. Беш убак намаз үйдө окулуусу шарт.

Ал эми даават иштери боюнча убактылуу чектөөлөр киргизилет. Ошондой эле жаназа намаздары маркумдун жакын туугандары жана аз кишинин катышуусунда үйлөрдө окулушу сунушталат.

Токтомушев өкмөт тарабынан кабыл алынган алдын алуу чараларын аткаруу ар бир мекендештин милдети экендигин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0