Кудуктан чайпалган шатыны тартып чыгаргандар кабыландан качып кетишти. Бул тууралуу NDTV басылмасы кабарлады.
Ал эми окуянын видеосу YouTube каналына жарыяланды.
Мадхья-Прадеш штатындагы Шивпури шаарындагы кудуктардын бирине кадимки эле кабылан түшүп калган.
Алар куткаруу операциясында жергиликтүүлөр хатия деп атаган чайпалган керебет-шатыны колдонгон. Шаты кыймылдап жатканда жырткыч чалкасынан коюлган керебетте кулап кетпештин амалын кылып бекем отурганын көрүүгө болот. Ал эми кудуктун оозун көздөй жаныбардын чыгып келе жатканын көргөн кишилер акырындап ошол жерден жок болгон.
Касван бул сапар жырткыч аны сактоодо адамдарга жардам бергендигин, тагыраагы, атырылып, түйүлө секирип каршылык көрсөтпөй, кыймылдаган керебетте тынч жатканын айткан. Адис мындай учурда кабыландар адатта агрессиясын көрсөтүп, куткаруучуларга тоскоолдук жаратарын кошумчалаган.