Жайнаган 1000 сомдуктар. Ошто сот аткаруучу пара менен кармалган видео

Жазылуу
Ошто сот аткаруучу пара менен кармалганын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда белги коюлган купюралар табылган.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймак аралык башкармалыгына 39 жаштагы киши кайрылып, Ош облусуна караштуу райондук соттордун бириндеги Сот аткаруу кызматынын өкүлү 50 миң сом пара талап кылып жатканын билдирген.

Арыз ээсинин айтымында, сот өкүлү алиментке байланышкан маселени чечүү үчүн акча сураган. Факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Сот аткаруучу 10-мартта кармалган. Анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда "пара" деген белгиси бар 50 миң сом табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0