Бетин кал баскан наристелердин видеосу. Экинчи бөбөккө операция жасалат

Жазылуу
Деми Нгуен дүйнөдөгү өзгөчө бөбөктөрдүн катарында. Анын бетинде невус (кал сымал беттеги чоң кара так) бар.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Жакында эле ата-энеси аны тубаса дартынан арылтуу үчүн Россияга алып келишти. Деми Нгуенге тагдырлаш дагы АКШлык бөбөк бар. Аны дүйнө эли "Бэтмендин маскасын кийген кыз" деп атап жүрүшөт. Өзгөчө бөбөктөрдүн видеосун Sputnik жарыялады.

Эсиңиздерге салсак, АКШ тургуну Кэрол Феннер бетинин теңинен көбү кал болгон кызды жарыкка алып келген. Дарыгерлер ымыркай төрөлгөндө бетин жарым-жартылай каптап турган кара такты көрүп, тери рагы деп божомолдошкон. Бирок кийин анализдери жакшы чыгып, меланоцитардык невус — сейрек кездеше турган кал деген диагноз коюлган.

Ухань шаарындагы оорукана кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус менен ооруган кытайлык келин дени-карды соо кыз төрөдү
Кийин анын ата-энеси кызын дарылап бере турган мыкты дарыгерлер Россияда бар экенин билип, бөбөктү Краснодарга алып барышкан. Кызга операция жасалып, калдын чеке жактагы бөлүгү алынган. Операциянын жыйынтыгы медиктер күткөндөн дагы жакшы болуп чыккан.

Өзгөчө наристе төрөгөн Кэрол Феннер бүт процедураларын интернетке жарыялап турган. Анын жыйынтыгын көрүп америкалык дагы бир кичинекей кыздын ата-энеси Россиянын Краснодар шаарына учуп келмей болгон. Алардын 11 айлык кызы Деми Нгуен да невус тубаса дарты менен жабыркайт.

Бөбөккө жакын арада операция жасалат. Баса, эки бөбөк тең Америкадан. Деми АКШга Япониядан келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0