Сахнада буту сынып калганына карабай ырдаган артист. Россиядагы видео

Жазылуу
Красноярск шаарында (Россия) аткаруучу Анастасия Вишневская ырдап жаткан учурда сахнадан кулап түшүп, бутун сындырып алганына карабастан ырын улантып кеткен.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Видео "Красноярские Новости" аталышындагы YouTube каналга жарыяланды.

"Известия" агенттигинин жазганына караганда, Вишневская аялдардын эл аралык майрамына арналган концертте Алла Пугачеванын "100 часов счастья" ырын аткарып жаткан. Видеодон ак көйнөк кийген ырчы берилүү менен обон созуп жатып, күйөрмандар тарапка жакындай бергенде сахнанын четин элес албай оркестрлердин чуңкуруна кулап түшкөнүн көрүүгө болот. Ага карабастан чыгармасын улантып, номерин аягына чыгарган.

Артистти сахнанын аркасынан Тез жардам кызматы алып кеткени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0