Кара-Балтада киши колдуу болгон жигит. Шектүү 5 жылдан кийин кармалды

Жазылуу
2015-жылдын май айында Кара-Балта шаардык ооруканасына 25 жаштагы кишинин сөөгү алынып келген. Анын денесинде кыйнап өлтүрүлгөнүн далилдеген белгилер болгон.

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти.

Сотто отурган шектүү. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Келин алабыз деп соттолуп кеткен күйөө менен куда-кудагый. Февралдагы өкүмдөр
2015-жылдын май айында Кара-Балта шаардык ооруканасына 25 жаштагы кишинин сөөгү алынып келген. Анын денесинде кыйнап өлтүрүлгөнүн далилдеген белгилер болгон. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча иш козгоп, 30 жаштагы шектүүгө издөө жарыялаган.

Натыйжада шектүү беш жылдан кийин, 2020-жылдын 3-мартында Бишкектин көчөлөрүнүн биринен кармалды. Тергөө амалдары уланууда.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0