Кош бойлуу аялга сойлоп келген жыланды кошунасы кармап алган видео

Жазылуу
24 жаштагы Нонг Танвапанич үйүнүн короосунан жыланды көрүп калып, чаңырып, кошуналарын жардамга чакырган.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Таиланд шаарында кош бойлуу аялды жанына сойлоп келген төрт метрлик кобрадан кошунасы сактап калган. Бул тууралуу Newsflare жазган.

Удаление зуба у питона - Sputnik Кыргызстан
Жылан жутуп алган сүлгүнү кекиртегинен кыпчуур менен чубап алып чыгышты. Видео
24 жаштагы Нонг Танвапанич үйүнүн короосунан жыланды көрүп калып, чаңырып, кошуналарын жардамга чакырган.

Жыланды кармап жана баштыкка салган учурду YouTube каналына жүктөшкөн.

Видеодон аны кармоо оңойго турбагандыгын, кишилерди бир топ убарага салгандыгын көрүүгө болот.

Кошунасы куткаруучуларга чалып, бирок алар келгенче өзү кармаганга аракет кыла баштаган.

"Кобраны көргөндө коркуп кеттим. Абдан чоң экен, тобокел кылып өзүм кармоого бел байладым", — деп айтып берген ал.

Адистер келгенде кишилер жыланды кармап, каучук даракка байлап коюшкан.

Сейрек кездешкен жаныбарды көрүш үчүн аймактын жашоочулары келген.

"Бала кезимде жыландардын төрөсү кош бойлуу аялдарга жакын болот деп уккам. Демек, ал ымыркайды коргош үчүн келген деп ойлойм", — деген кошуналардын бири.

Кобра адамдан коркпогон учурлар да кездешет. Буга чейин Вьетнамда үч кулач болгон кобра жолго жатып алып, тыгын жараткан видео тараган.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0