Качпагыла! Милициянын митингчилерди үйлөрдү аралата кууган видеосу

Жазылуу
Бишкекте укук коргоочулар мурдагы депутат Садыр Жапаровдун митингге чыккан тарапташтарын таратты. Акцияга чыккандар милиционерлерге каршылык көрсөтүп, таш ыргытышты.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Окуя кандайча болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигинин видеосунан көрүңүздөр.

Белгилей кетсек, бүгүн, 2-мартта, саат 11:00дөр чамасында Бишкекте Садыр Жапаровду абактан чыгарууну талап кылып 1000ден ашык адам митингге чыкты.

Сотрудники милиции во время разгона митингующих сторонников Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан
Митингчилерди таратуу учурунда желим ок тийген кыз ооруканага түштү
Акцияга келгендер экс-депутатты коё берүүдөн сырткары соттук реформа жүргүзүү, насыяларды жеткиликтүү кылып берүү, чек ара маселесин чечүү, коронавирустун алдын алуу чараларын күчөтүү талабын коюшту.

Митингчилер президенттин өзү менен жолугушууну дагы талап кылышты, бирок аткаминерлер бул маселе бүгүн эмес, үч күндөн кийин чечилерин билдиришкен. Буга нааразы болгон эл аянттан кетпей тургандыктарын айтышты.

Мындан улам милиция кызматкерлери каршылык акциясына чыккандарды таратууга киришти. Алар элди суу менен аткылап, кулак тундуруучу гранаталарды ыргытышты. Көздөн жаш агызган газ дагы колдонулду. Күч органдары митингчилерди Бишкектин борбордук бөлүгүнөн сүрүп чыгарып жатканда митингчилер аларды көздөй таш ыргытып, таштанды челектерине өрт коюшту. Кийин милиционерлер бир нече адамды колго түшүрдү.

Борбор калаада учурда эмне болуп жатканын тексттик трансляциядан билсеңиз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0