Замбиректин огундай... FIFA шумдук голдун ээсин сыйламакчы болду. Видео

Жазылуу
Ирландиянын "Дандолк" футбол клубунун жарым коргоочусу Жордан Флорес атаандаш клубуна, "Шэмрок Роверстин" дарбазасына укмуштуудай гол киргизди.

Мелдеш Ирландиянын футбол чемпионатынын төртүнчү турунун алкагында өттү. Оюндун 22-мүнөтүндө Флорес узатылган топту секирип туруп каршылаштын дарбазасына тээп жиберген. Футболчунун мындай кыймылда тепкени сырттан караган кишиге замбиректин огундай эле көрүнгөн. Топ дарбазанын өйдөкү бурчуна тийген.

Спортчунун голу Эл аралык футбол федерациясын (FIFA) кайдыгер калтырган эмес. Уюмдун Twitter-аккаунтунда аны Ференц Пушкаш атындагы сыйлыкка номинант кылууну сунушташкан.

​Маалыматта Флорестин укмуштуудай голуна карабай командасы "Дандолк" жеңилип калганы айтылат. Оюндун жыйынтыгы менен "Шэмрок" 3:2 эсеби менен жеңүүчү аталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0