Кремлдеги обондор. КР менен РФтин эриш-аркак жылынын ачылышы видеодо

Жазылуу
Кремль сарайында кыргыз-орус мамилеси үчүн маанилүү окуя болуп саналган эриш-аркак жылынын ачылыш аземи өттү. Редакция иш-чаранын эң кызыктуу жерлерин үч мүнөткө топтоду.

Маданий жай ичине 6 миң кишини сыйдырды. Россиянын ар тарабында жашаган жергиликтүү тургундар менен кыргызстандыктар тарыхый окуяны өз көздөрү менен көрүүгө келишкен.

Учурда Санкт-Петербургда жашаган Мирлан Токтобековдун айтымында, четте жүргөндөр үчүн мындай иш-чаралардын мааниси чоң.

"Бул биз үчүн маанилүү. Себеби Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү болуп саналат. Россия кыргыздын маданиятын, менталитетин тереңирээк билсе дейбиз. Бул жакта көп мекендештерибиз иштегендиктен алар үчүн жыл жакшы өтсө экен деген ниеттебиз", — деди ал.

Сооронбай Жээнбеков на открытии перекрестного года КР и России - Sputnik Кыргызстан
Президент Жээнбековдун Кремлде сүйлөгөн сөзү. Видео
Гала-концертти өлкө президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин сөз сүйлөп ачты. Андан соң артисттер өнөрлөрүн тартуулашты. Россиялык опера ырчылары кыргызча обон созсо, комузчулар орустун элдик ырларын аткарышты.

Мамлекет башчылары эриш-аркак жылын өткөрүү боюнча былтыр Владимир Путин Кыргызстанга келгенде макулдашкан. Анда саясат, экономика, маданият жана аскерий жаатта 200дөн ашык иш-чара пландалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0