Путин Россия менен Кыргызстандын эң ири долбоору тууралуу айтты. Видео

Жазылуу
Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбеков Россия менен Кыргызстандын эриш-аркак жылын расмий ачышты.

Россия лидери Мамлекеттик Кремль сарайында өтүп жаткан салтанаттын маанилүүлүгүн белгиледи.

"Россия менен Кыргызстанды улам өнүгүп келе жаткан стратегиялык өнөктөштүк жана тилектештик байланыштырып турат. Мамлекеттерибиз саясий тыгыз байланышта, байма-бай диалогдор жүрүүдө", — деди Путин.

Ал Россия менен Кыргызстан аймактык туруктуулукту камсыздоо үчүн биргеликте иш алып барып, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагындагы аскердик багытта кызматташып жатканын белгиледи.

"Эл аралык уюмдарда биздин позициябыз бирдей. Евразиялык экономикалык биримдикте да көз караштарыбыз бири-бирибиздикине дал келет. Тоо-кен, транспорт жана жаңы технологиялар тармагындагы биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып жатат. Россия Кыргызстанга энергоресурстардын негизги жеткирүүчүсү. Ошондой эле биздин ЖОЖдордо кыргыз экономикасына салым кошчу студенттер даярдалып жатат", — деди Путин.

Анын айтымында, Россия Кыргызстан менен мамилесин мындан ары дагы ар тармакта бекемдөөнү көздөйт.

"Коюлган максаттарды ишке ашырууга эриш-аркак жылы жакшы шарт түзөт деп ойлойм. Биздин өлкөлөр алгачкы жолу мындай ири долбоорду ишке ашырып жатат", — деди президент.

Белгилей кетсек, эриш-аркак жылында Кыргызстан менен Россияда саясат, экономика, маданият жана аскер тармактарында 200дөй иш-чара өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0