Президент Жээнбековдун Кремлде сүйлөгөн сөзү. Видео

Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Россия элинин руханий жана бир туугандык мамилеси үзүлбөй турганын белгиледи.

Мамлекет башчы Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын Москвадагы Кремль сарайында өткөн ачылыш аземине катышты.

Жээнбеков бул окуя эки элдин бири-бирине жакын болууга жасаган аракеттеринин бири деп белгиледи.

"Кыргызстан жалпы, Россия менен биргеликте болгон тарыхка сый, урмат менен мамиле жасайт. Кыргызстан көз карандысыз өлкө болгонуна дээрлик 30 жыл болуп калды. Бирок эки элдин руханий, бир туугандык мамилеси ошол бойдон сакталып турат", — деди президент.

Мамлекет башчы Россия ишенимдүү союздаш жана стратегиялык өнөктөш экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0