Коронавирустан коргонуу үчүн Кыргызстан эмне кылып жатат. Видео

Жазылуу
Бишкекте тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери маалымат жыйын өткөрүүдө. Темасы — "Өлкө аймагына коронавирустун киришин алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар".

Маалымат жыйынына саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов, тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов, Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев катышууда.

Өкмөттүн 27-февралга карата маалыматы боюнча, республикада коронавирус жуктуруп алгандар жок. Чек арадагы бардык өткөрүү пункттары күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантууда. Республикалык штаб кыргызстандыктарды эл көп чогулган жерден оолак болууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0