Көлбаевдин кылмыштуу тобундагы "Чач" кармалды. Видео

Жазылуу
Кармалган жаран кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган.

Борбор калаада кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун "Чач" каймана аты бар активдүү мүчөсү кармалды. Бул туурасында Бишкек милициясынын маалымат кызматы кабарлап, видеосун жарыялады.

Изолятор временного содержания в дежурной части Управления МВД в Тамбове - Sputnik Кыргызстан
Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү "Казак" камакка алынды
Билдирмеге караганда, Бишкек ШИИБдин Криминалдык милиция кызматы 26-февралда 32 жаштагы М.Э. аттуу жаранды колго түшүргөн.

Ал кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турганы, буга чейин бир нече ирет соттолгону айтылат. Бул ирет 268-берене ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо") боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган.

"Текшерүү учурунда "Чачтын" чет мамлекеттик номер тагылган Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаасынан үлгүсү так көрсөтүлбөгөн револьверге окшош тапанча табылды. Ал кармоо учурунда милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, сөгүнүп-сагынып, жада калса күч колдонорун айтып коркутууга аракет кылган. Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тийиштүү экспертизалар дайындалды", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек милициясы калаанын аймагында кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн шектүүлөрдү кармоо иштери улана турганын билдирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0